Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Митрополит Викентий менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Орто Азиянын Митрополити Викентий менен жолугушту.

Митрополит Викентий  Президент Алмазбек Атамбаевге  Ыйык Синоддун чечими менен шайланган Бишкектин  жана Кыргызстандын епископу Феодосийди тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө  Алмазбек Атамбаев Москванын жана жалпы Русьтун Ыйык Патриархы Кириллге Кыргызстанда Орус Православиялык Чиркөөнүн өз алдынча епархиясын түзүү тууралуу чечим кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын  билдирди.

Салттуу диндерди өнүктүрүү тууралуу кеп кылып, Президент алар өз  мейкиндигин кайтарып алууга тийиш экендигин белгиледи. «Биз өлкөдөгү диний жагдайга башкача  мамиле жасайбыз. Акыркы 20 жылдын аралыгында бул маселеге  тиешелүү көңүл бурулган эмес»,- деп Алмазбек Атамбаев,. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өлкөнүн Президентинин  карамагына өткөрүлгөндүгүн кошумчалады

«Биз мындан ары дагы  жарандардын  динге ишенүү  эркиндигине карата конституциялык укуктарын  коргомокчубуз. Анан, албетте,  конфессиялар аралык толеранттуулукту мындан ары  дагы бекемдейбиз жана сактайбыз»,- деди мамлекет башчысы.

Митрополит  Викентий Президент Алмазбек Атамбаевге Москванын жана жалпы Русьтун Ыйык Патриархы Кириллдин ак тилегин жеткирди.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 25-январь