Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев жаш аткаруучу Гүлжигит Калыковду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жаш аткаруучу, “Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык конкурсунун жеңүүчүсү Гүлжигит Калыковду кабыл алды.

Мамлекет башчысы жаш аткаруучуну эл аралык масштабдагы конкурста жеңиши менен куттуктап, мындан ары чыгармачылыгында ийгиликтерди каалады.

“Сиз эл аралык аренада өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп, түрдүү мамлекеттердин көрүүчүлөрүнүн купулуна толдуңуз. Ылайым ушул ийгилик чыгармачылык чеберчилигиңизди мындан ары өнүктүрүүгө жакшы негиз болуп берсин. Эми “Евразия жылдызы” конкурсун өткөрүү кезеги биздин өлкөгө өттү. Мындай эл аралык конкурстар жаш таланттарды такшалтууга жакшы өбөлгө болооруна ишенем”,- деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Президентинин Туркияга жасаган расмий сапары менен“Евразия жылдызы” эл аралык музыкалык конкурсунун Стамбулда өткөрүлгөн финалы туш келгендигин эске салабыз.

Гүлжигит Калыков өлкөнүн Президентине колдоо көрсөткөндүгү  жана конкурстун финалы Улуттук коомдук телеканал аркылуу түз эфирден көрсөтүлгөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу соңунда өлкөнүн Президенти жаш ырчыга эстеликке белек тапшырды.

Жолугушууга маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов менен ырчынын продюсери Канат Култаев дагы катышышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 28-январь