Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөштү

2012-жылдын 29-январында, жекшемби күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө февралдын үчүнчү декадасына алдын ала пландаштырылган Москвада өткөрүлө турган мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинин негизги маселелери  белгиленди.

Тараптар  Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда  өз ара кызыкчылыктын бардык чөйрөлөрүндө  эки тараптуу өз ара кызматташууга кубаттуу импульс берүүгө даяр экендигин  билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 30-январь