Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Бүгүн Кыргызстандын жетекчилеринин коррупцияны түп-тамырынан бери жоюуга саясий эрки жетиштүү

Бүгүн, 2012-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жаңы курамынын жыйынында “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселе каралды.

Жыйындын жүрүшүндө  коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын стратегиясы, коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик бийликтин бардык бутактары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Өкмөттүн, Жогорку соттун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын артыкчылыктуу милдеттери каралды.

Мамлекет башчысы жыйынды ачып жатып, коррупцияны жоюу боюнча мамлекеттик чаралар жетишсиз колдонулуп жаткандыгын белгиледи. Акыркы 20 жылдын аралыгында  акырындык менен Кыргызстан  дүйнөдөгү эң коррупцияланган  өлкөлөрдүн катарына кошулду. Натыйжада  ушул маселе боюнча  адистешкен эл аралык “Транспэренси Интернешнлдин” баасы боюнча Кыргызстан 2011-жылы коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 166-орунга, б.а. дүйнөнүн 180 өлкөсүнөн тизменин эң акырына жылмышып түштү.“Коррупция бизде болуп көрбөгөндөй өлчөмдөргө жетти. Каалагандай актансак да, жана объективдүү себептерге шылтасак да болот, бирок ачуу чындыктан эч кайда жашына албайсың –өлкөбүздө коррупция гүлдөп жатат”.- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Президент ошону менен бирге,бүгүн Кыргызстандын жетекчилеринин коррупцияны түп-тамырынан бери жоюуга саясий эрки жетиштүү экендигин баса белгиледи. “Мен бардык жетекчилерге, өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө, депутаттарга, сотторго, прокурорлорго жана башка мамлекеттик кызматкерлерге катуу эскертип койгум келет, уурулардын орду – түрмөдө”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы Башкы прокуратурадан, укук коргоо жана сот органдарынан  коррупционерлерге каршы ар бир кылмыш иши аягына чейин чыгарылып, күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жазага тартылышын талап кылды.
Жыйында коррупцияга каршы күрөштөгү жагдай тууралуу доклад менен Бусурманкул Табалдиев чыгып сүйлөдү.
Маселени талкуулоонун  жүрүшү коррупцияны  жоюу зарылчылыгы тууралуу маселеде Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн позициясы бирдей экендигин көрсөттү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Асилбек Жеенбеков, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку соттун төрайымынын милдетин аткаруучу Феруза Жамашева, парламенттик  фракциялардын лидерлери  Феликс Кулов, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек  Текебаев, парламенттик комитеттердин төрагалары Токтокучүк Мамытов, Туратбек Мадылбаев, Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, Башкы прокурор Аида Салянова, МУКК төрагасы Шамил Атаханов чыгып сүйлөштү. Коргоо кеңешинин мүчөлөрү талкууланып жаткан маселенин өзгөчө маанисин баса белгилеп,  коррупцияга каршы, айрыкча бийликтин жогорку бутактарындагы  күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу боюнча  бир катар  конкреттүү сунуштарды киргизишти.
“Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” маселени карап жана талкуулап чыгып, коррупциянын  өлкөнүн коопсуздугуна жана өнүгүү перспективасына тийгизген терс таасирин эске алуу менен, Коргоо кеңеши – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Өкмөтү, Жогорку сот жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн коррупцияга каршы күрөштү  артыкчылыктуу милдет катары эсептөө тууралуу чечим кабыл алды.
Азыркы укук коргоо системасы коррупциянын өсүшүнө каршы турууга жөндөмсүз экендигин  көрсөткөндүктөн, Коргоо кеңеши аны түп-тамырынан бери реформалоо зарылчылыгын белгиледи жана Өкмөткө Башкы прокуратура менен бирдикте тиешелүү сунуштарды киргизүү милдети тапшырылды.
Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын колдоп, Кыргыз Республикасынын Президентине  аны талкуунун жүрүшүндо айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен бекитүүнү сунуштады.
Ошону менен бирге, Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Өкмөткө, Кыргыз республикасынын сот бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына  коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун алкагында  иш-чаралардын планын иштеп чыгууну сунуштады.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине ишке ашырылган коррупциялык кылмыштардын бетин  ачуу боюнча толук чараларды көрүп, иликтөөнүн сапатын жогорулатып, ай сайын кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жана алардын соттордо каралышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгын маалымдап туруу милдети тагылды.
Башкы прокурор Аида Салянова тез аранын ичинде  Башкы прокуратуранын жетекчи кадрларын чыңдоо боюнча сунуш киргизип, жергиликтүү прокуратура органдарынын ишине баа берүүгө милдети тапшырылды.
МУКК  Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бектен Сыдыгалиев үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча кызматтык кылмыш иштерине каршы күрөштө конкреттүү жыйынтыктар болбосо ээлеген кызматынан бошотулаары эскертилди.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши бийликтин бардык деңгээлинде коррупцияга каршы аракеттенүү максатында мамлекеттик бийлик органдарына   жарандык контролдоо комитеттерин түзүү жолу аркылуу коррупциялык  көрүнуштөрдүн алдын алуу  жана аларды аныктоо  боюнча иштерге жарандык коомдун институттарын кеңири  тартууну камсыз кылуу милдетин тапшырды.
Мындан тышкары, КР Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин Катчылыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөндөгүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берүү тууралуу чечим кабыл алды:
    -“Коррупцияга каршы туруу тууралуу” мызамдын долбоорун;
    - Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерге жана башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды.
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Конституциянын жана мыйзамдардын алкагында Кыргыз Республикасынын МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ишке ашырылып жаткан айрым оперативдүү-иликтөө иш-чараларына, иликтөө аракеттерине санкция берүүнү, кылмыш иштерин козгоо жол-жоболорунун оперативдүүлүгүн арттырган тартип  орнотуу мүмкүнчүлүгүн  карап чыгууга милдеттендирди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Кыргыз Республикасынын МУКК Коррупцияга каршы күрөшүү  кызматы тарабынан  козголуп жаткан кылмыш иштери боюнча, ошондой эле, мына ошол өңдүү кылмыш иштери боюнча айрым оперативдүү-иликтөө иш-чараларына, иликтөө аракеттерине санкция берүүнү Конституциянын  жана мыйзамдардын алкагында соттор чара кабыл алууда оперативдүүлүктү камсыз кылуу маселесин карап чыгуу сунушталды.
Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине соттордун кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын соттор тарабынан аткарылышын камсыз кылуу жана сот корпусун Кыргыз Республикасынын сотунун наамына татыксыз адамдардан тазалоо боюнча ишти  күчөтүү сунушталды.
Коргоо кеңешинин Катчылыгына айтылган бардык сунуштарды жана сын пикирлерди эске алуу менен Коргоо кеңешинин чечиминин долбоорун иштеп чыгуу милдети тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 30-январь