Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев ООНдун башкы катчысынын Атайын өкүлү менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев ООНдун башкы катчысынын Атайын өкүлү, Борбордук Азия үчүн алдын алуучу дипломатия боюнча ООНдун регионалдык борборунун башчысы Мирослав Енча менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ООНдун ортосунда кызматташуу маселелерин талкуулашты, анын ичинде натыйжалуулугун жогорулатуу максатында учурда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду дыкаттык менен талдоого алуу тууралуу макулдашышты.
Алмазбек Атамбаев көрсөтүлуп жаткан жардам үчүн ыраазычылык айтып, ООН Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн жардамын улантат деп үмүттөнөөрүн билдирди.
Ошону менен бирге, Президент ООндун органдары, тактап айтканда, алдын алуучу дипломатия боюнча Борбор менен өз ара кызматташуунун жогорку денгээлин белгилеп өттү.
Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 1-февраль