Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев менен АКШнын элчиси Памела Спратлен эки тараптуу кызматташуунун көп кырдуу маселелерин талкуулады

Бүгүн, 2012-жылдын 1-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы  Өзгөчө жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Памела Спратлен менен жолугушту.

Президент дипломатиялык миссиянын башчысын  Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин жаңы имаратынын курулушунун алгачкы кышынын коюлушу менен куттуктады.

Өз кезегинде Памела Спратлен  АКШнын Кыргызстандагы  элчилиги мындан 20 жыл илгери  ачылгандыгын эске салды. Тараптардын пикири боюнча ушул жылдардын аралыгында түрдүү багыттар боюнча  кызматташуу  жогорку деңгээлге жеткен.

Президент Алмазбек Атамбаев менен  АКШнын элчиси  Памела Спратлен бардык багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө кызыктар экендигин баса белгилешти. Тактап айтканда, жалпысынан  региондогу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Афганистандагы жагдайды турукташтыруунун мааниси белгиленди.

Мамлекет башчысы АКШнын элчисине “Манас” транзиттик ташуулардын борборунун  Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү 2014-жылы аяктаарын эске салды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 1-февраль