Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев "Катар Холдинг" компаниясынын башкы аткаруучу директорун кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 3-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев "Катар Холдинг"компаниясынын башкы аткаруучу директору Ахмад Мухаммад аль Сайедди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы катышкан жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан Катар менен эки тараптуу тыгыз кызматташууну жөнгө салууга кызыктар экендигин белгиледи. “Ушул жылдын апрель айында мен Катардын Доха шаарында өтө турган ООНдун соода жана өнүктүрүү боюнча XIII конференциясына  катышууну пландаштырып жатам. Мына ошол сапарым биздин кызматташуубузга жакшы түрткү берет деп ойлоп турам”,- деди Президент.

Өз кезегинде Ахмад Мухаммад аль Сайед Президентке жылуу кабыл алгандыгы учүн ыраазычылыгын билдирип, Катардын Премьер-министринин жакшы тилек-каалоолорун жеткирди. “Бул менин Кыргызстанга жасаган алгачкы сапарым, анын жүрүшүндө бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм жана алардын жыйынтыктарына канааттанып турам. Менин бул сапарым эки өлкөнүн ортосунда  ийгиликтүү кызматташуунун башталышы болуп калаарына ишенем”,-деп белгиледи мейман.

Ошондой эле, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун маселелери, тактап айтканда, бир катар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жолдору талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 3-февраль