Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Жанторо Сатыбалдиев күч органдарынын жетекчилеринин катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Бүгүн,2012-жылдын 6-февралында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Жанторо Сатыбалдиев Коргоо кеңешинин катчысы Б.Табалдиевдин, күч органдарынын  жетекчилеринин катышуусу менен Президент Алмазбек Атамбаевдин  “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын жана Коопсуздук кеңешинин “Коомдо коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” чечимин ишке ашыруу боюнча маселени талкууга алган жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жантөрө Сатыбалдиев белгилегендей, укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин укукка каршы кол салуулардан коргоону күчөтүү, өлкөбүздүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген экстремизмге жана кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Ошондон улам, тиешелүү күч органдары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал Жарлыкты ишке ашыруу боюнча план иштеп чыгып, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүүгө тийиш”,- деди Президенттин Аппарат Жетекчиси.

Кеңешменин жүрүшүндө  күч органдарынын жетекчилеринин– Башкы прокурор Аида Салянованын,Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атахановдун, коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин жана ички иштер  министри Зарылбек Рысалиевдин маалыматтары угулду.

Маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында Башкы прокуратурага,Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Ички иштер министрлигине бул багытта ишмердүүлүгүн күчөтүп, коомдук тартипти чыңдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу коомчулукту өз мезгилинде маалымдап туруу милдети тагылды.
Коргоо министрлигине ички иштер министрлиги менен бирдикте баланстагы штаттык ок атуучу курал-жарактардын окгильзотекасын түзүүнү тездетип, ок атуучу курал-жарактардын түгөлдүгүн, эсепке алынышын жана сакталышын камсыз кылуу ишин күчөтүү тапшырылды.

Облустук мамлекеттик администрациялардын жетекчилери координациялык ишмердигин активдештирип, күч органдарынын жетекчилери менен үзгүлтүксүз жолугушуу өткөрүп, коомдук тартипти камсыз кылуу жана чыңдоо боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгып, ишке ашырууга милдеттендирилди.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 6-февраль