Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев УКМК төрагасы Шамил Атахановду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атахановду кабыл алды.

Президентти ведомство башчысы УКМК Антикоррупциялык кызматынын ишмердиги туурасында, тактап айтканда, “Альфателеком” ЖАК жана “Аю” компаниясынын иштерин иликтөө алкагындагы иштер туурасында маалымдады.
УКМК төрагасы Шамил Атаханов “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшү жана “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” коргоо Кеңешинин чечиминин аткарылышы тууралуу дагы маалымат берди.
Мамлекет башчысы “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлык туурасында кеп кылып, кагылышууга түздөн-түз тиешеси бар адамдарды аныктоо жана жазага тартуу үчүн 2010-жылдын май-июнунда Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда болгон кайгылуу окуялардын хронологиясын жана жагдайын калыбына келтирүүнүн, ошондой эле, 2010-жылы апрелде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылында кагылышуу учурунда жасалган кылмыштардын бетин ачуу боюнча толук чараларды көрүү өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев Антикоррупциялык кызматтын коррупциянын фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу, УКМК коомдук жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишти күчөтүүнү талап кылды.

“Жакын арада жарандарыбыз сиздердин иштин жыйынтыктарын сезиши өзгөчө мааниге ээ. Аны үчүн силер коррупцияга каршы күрөштө жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча УКМКнын алдында турган милдеттерди аткарууда дайыма принципиалдуу болушуңар керек.”- деп баса белгиледи  Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 13-февраль