Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Аида Салянованы кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 13-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Аида Салянованы кабыл алды.

Президентке башкы прокурор “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшү жана “Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө” коргоо Кеңешинин чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат берди.
Мамлекет башчысы 2010-жылдын апрелинде Чүй облусунун Токмок шаарында жана Маевка айылында кагылышуу учурунда, 2010-жылдын май-июнунда Ош жана Жалал-Абад облустарында болгон кайгылуу окуялардын жүрүшүндө жасалган кылмыштардын бетин ачуу зарыл экендигине көңүл бурду.
Президент башкы прокурордон радиациялуу фону жогору көмүрдү ташып жеткирүү боюнча ишти аягына чыгарууну талап кылды.

Президент Алмазбек Атамбаев башкы прокурор менен жолугушуунун жүрүшүндө “банк уячалары жөнүндө иш” деп аталган маселени иликтөөнүн  жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуунун маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы башкы прокурорго Аскер институнун курсанты Болотбек уулу Таалайдын өлүмү боюнча фактыны иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырып, Мекенге кызмат кылуу кесибин тандап алган уландар тынч мезгилде курман болуп жатышына жол бербөө керектигине басым жасады. Мындан тышкары, Президент бул факты боюнча аскер прокурору кылмыш ишин козгоо мөөнөтүн создуктуруп жибергендигин белгилеп өттү.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 13-февраль