Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Шри-Ланканын нефти өнөр жайынын министри Сусиль Премаджаянтты кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Шри-Ланканын Президентинин Атайын Кичи элчиси, нефти өнөр жайынын министри Сусиль Премаджаянтты кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун маселелери талкууланып, эки өлкөнүн ортосундагы өз ара карым-катнашты мындан ары активдештирүүнүн кадамдары белгиленди.

Министр Сусиль Премаджаянт Президент Алмазбек Атамбаевге Шри-Ланканын Президенти Махинда Раджапаксенин кайрылуусун тапшырды. Кайрылууда мындай деп белгиленет: “Акыркы жылдардын аралыгында  Шри-Ланка менен Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн ортосунда,өзгөчө Кыргыз Республикасы менен өз ара карым-катнаш кыйла өнүктү. Мындай кызматташууну жеңил өнөр жайында, билим берүү жана туризм тармактарында тереңдетүү зарыл”.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Шри-Ланканын ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө реалдуу түрткү берүүгө мезгил бышып жетилгендигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 14-февраль