Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Афганистандагы согуштун ардагерлерин Афганистандан аскерлерди алып чыгуунун 23 жылдыгы менен куттуктады

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

    “Мындан 23 жыл илгери 40-армиянын башчысы генерал Борис Громовдун “Термез” чек ара посту аркылуу символикалуу өтүшү менен Афганистандан Советтик аскерлерди алып чыгуу биротоло соңуна чыккан.
Интернационалчы-жоокерлердин арасында миңдеген кыргызстандыктар бар эле. Аскердик антка бекем жоокерлер афган согушунда каармандык жана эрдик менен салгылашып, эң мыкты касиеттерин - мекенчилдигин жана Мекенге берилгендигин, тайманбастыгын жана жогорку аң-сезимдүүлүгүн айгинелешкен.
Жоокер-афганчылардын эрдиги, каармандыгы, жана тайманбастыгы  Мекендин азыркы муундагы коргоочуларына элге берилип кызмат кылуунун, өз милдетине жана аскердик антка бекемдигинин үлгүсү катары кызмат кылат.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жана Кыргызстандын эли, өз уулдарынан ажыраган ата-энелер,ошол согуштун бардык азап-тозогун баштан кечирген катардагы жоокерлер Афган согушун эч качан унутпайт.
Арадан канча мезгил өтсө дагы каарман жоокерлердин эрдиги кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сактала бермекчи.

Урматтуу достор!
15-февраль календарда майрам күн катары белгиленген эмес, ошондой болсо дагы, тарыхый салтты улап, биз бул күндү курман болгондорду эскерүү жана жоокер-“афганчыларды” урматтоо Күнү катары жыл сайын белгилейбиз.
Афганистан Демократиялык Республикасындагы согушка  кыргызстандык 7141 жоокер катышкан. 300 ашуун адам курман болгон,4 адам дайынсыз жоголгон, 1500 жоокер жаракат алган.
Афганистандагы Советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамындагы 60тан ашуун адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Алардын арасында кыргызстандык Юрий Исламов менен Сергей Гущин дагы бар.

Урматтуу жоокер-“афганчылар”!
Сиздерди Афганистандан Советтик жоокерлерди чыгаруунун 23 жылдыгы менен куттуктайм. Сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк  бакыт-таалай жана бакубатчылык, Мекенибиздин гүлдөп өнүгүү жолунда ийгиликтерди каалайм.
Афган согушунун катаал сыноолорунан өтүп, Сиздер Кыргызстандын тынчтыгы жана гүлдөп өсүшү үчүн өзүңүздөрдүн баасы чыккыс күжүрмөн тажрыйбаңарды Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлерине өткөрүп берүүнү мындан ары дагы улантаарыңарга терең  ишенем”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 15-февраль