Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык жаңы директору менен жолугушту

Бүгүг, 2012-жылдын 15-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык жаңы директору Сарож Кумар Джа жана Дүйнөлүк банктын стратегиялар жана операциялар боюнча директору Теодор Алерс менен жолугушту
Алмазбек Атамбаев Теодор Алерс жана Сарож Кумар Джаны Дүйнөлүк банктын социалдык-экономикалык артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык жолдоду. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын бюджетти колдоо боюнча үч жылдык программасын ишке ашыруу боюнча чечимди кабыл алууну тездетүүгө ишенимин билдирди.
Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банкка Ош шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүүнү сунуштап, мындан ары кызматташууну тереңдетүүгө кызыктар экендигин айтты.
Өз кезегинде Теодор Алерс Алмазбек Атамбаевди Президент болуп шайланышы менен куттуктап, Дүйнөлүк банк өнүктүрүү чөйрөсүндө максаттарга жетүүгө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады. Ошону менен катар эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча регионалдык жаңы директору Сарож Кумар Джа өзүнүн салымын кошооруна ишенимин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуунун азыркы абалы жана келечегине тиешелүү маселелерди талкуулап, жакынкы жана орто мөөнөттө экономикалык өнүгүшү үчүн Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары туурасында  ойлорун ортого салып, пикир алмашышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 15-февраль