Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ош облусуна жумушчу сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Ош облусуна жумушчу сапары башталды.

Мамлекет башчысы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясы тарабынан укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Ош шаарында курулган турак-жай комплексинин ачылыш салтанатына катышмакчы.

Мындан тышкары, Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарындагы жогорку окуу жайларында болуп, студенттер жана профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушмакчы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 16-февраль