Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: Улуттар аралык ынтымак - Кыргызстандын өнүгүшүнүн негизги шарттарынын бири

Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн Ош шаарында курулган турак-жай комплексинин ачылыш салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы жаңы квартира ээлерине ачкыч тапшырып, жаңы конушу менен куттуктады. “Бул үй укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн салынган акыркы үй эмес экендигине ишенем. Келечекте биз жаңы үйлөрдү дагы салмакчыбыз. Жаңы конушка көчүп кирген ар бир үй-бүлөдө тынчтык жана ынтымак болсун, ансыз өлкөнү  мындан ары өнүктүрүү мүмкүн эмес”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы салтка айланган кызыл тасманы кескенден кийин жаңы квартираларды кыдырып көрүп чыкты.

Ошону менен бирге Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларынын учурунда каза тапкандардын жана дайынсыз жоголгондордун туугандары менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Президент  Башкы прокуратурага ошол кайгылуу окуялардын хронологиясын иликтөө жана калыбына келтирүү боюнча тапшырма бергендигин белгиледи. “Өткөндөрдү дыкаттык менен иликтеп, мындан ары ушул сыяктуу окуялар кайталанбасы үчүн күнөлүүлөрдү жазага тартуу керек”,-деп билдирди Алмазбек Атамбаев.


Маалымдама:

Жалпы наркы 220 млн.сомдук 60 квартиралуу эки үй Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын заказы менен курулган.

Ар бир үйдүн жалпы аянты– 5066,16 чарчы. м.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 16-февраль