Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: Кыргызстандын келечегине баруучу жолдо негизги үч коркунуч турат, булар - коррупция, улутчулдук жана маңкуртчулук

Бүгүн, 2012-жылдын 16-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жумушчу сапарын улантып, Ош мамлекеттик университетинин  студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Жолугушуунун башталышында мамлекет башчысы студенттерди ачык кепке чакырды. “Мен силерди түйшөлткөн суроолорду, көйгөйлөрдү угууну ылайык көрүп турам”,-деп  Президент аудиторияга кайрылды.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын   жаркын келечегине баруучу жолдо азыр негизги үч коркунуч тургандыгына токтолуп, булар - коррупция, улутчулдук жана маңкуртчулук экендигин  белгиледи. “Өлкө Президенти катары бул жылы мен өз алдыма бийликти тазалоо милдетин койдум. Коррупция мамлекеттик бийлик органдарында эле эмес, билим берүү системасына дагы, анын ичинде жогорку окуу жайларында да өөрчүп кеткендиги жашыруун эмес. Биз криминалга, коррупцияга каршы келишпес согуш жарыяладык. Аны сөзсүз аягына чыгарууга милдеттүүбүз. Ошондуктан мен жакында өлкөбүздүн  антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын бекиттим”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстан элинин тарыхий жана маданий мурастарын терендетип үйрөнүү маселесин  козгоп, “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлык бир сөз менен айтканда “маңкуртчулук менен күрөшүү” деп койсок болооорун белгиледи.

Мамлекет башчысы тил өнүктүрүү саясатына дагы токтолду. Тактап айтканда, кыргыз тилин окутуунун  методикалык базасын чыңдоо зарылчылыгын белгиледи. “Кыргызстанда мамлекеттик тил кыргыз тили болгондон кийин бул тилди ар бир кыргызстандык - улутуна карабастан, мектептин 1-классынан баштап окуп үйрөнө башташына шарт түзүшүбүз керек”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Ошону менен бирге Президент улутчулдук маселесин дагы кыйгап өтпөстөн, коомубузда бул маселени ырбатууга даяр турган күчтөр бар экендигин белгиледи. “Улутчулдук биздин коомдо өзүнчө бир ооруга айланды. Бул маселе биздин көңүлүбүздүн борборунда болууга тийиш, анткени өткөн жылдардын кайгылуу окуялары улуттар ортосунда мамилелер олуттуу кагылышууларга алып келиши мүмкүн экендигин тастыктады. Силер мына ушундай терс көрүнүштөргө каршы тура аласыңар деп ишенем”,- деди Алмазбек Атамбаев студенттер менен окутуучуларга кайрылып.
Мамлекет башчысы жолугушуунун жүрүшүндө студенттердин суроолоруна жооп берди, өнүгүү маселелерин талкуулап, өлкөнүн  келечеги тууралуу сунуштарын жана ой-пикирлерин укту.
Жолугушуунун соңунда Президент студенттерге окууда ийгиликтерди  каалап, алар - келечегинен көптү үмүттөндүргөн, прогрессивдүү идеялары бар  жана жаңыча көз караштагы жаштар Кыргызстандын жаңы элитасын түзөөрүнө ишенимин билдирди.

Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 16-февраль