Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев: Өлкөбүздө жашагандардын баары, улутуна карабастан, өздөрүн бирдиктүү Кыргызстандын жараны катары сезүүгө тийиш

Бүгүн, 2012-жылдын 17-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош технологиялык университетинин жана Ош мамлекеттик социалдык университеттин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.
Президент студенттер жана окутуучулар менен жолугушуу учурунда коррупция, тил саясаты, коомдогу улутчулдук  жана өлкөнүн өнүгүү перспективалары тууралуу пикир алышты.

Мамлекет башчысы республиканын жогорку окуу жайлар системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү зарылчылыгын белгиледи. “Болочоктогу адистер баа алыш үчүн  акча төлөгөнү туура эмес. Мындай жагдай билимдин сапатына терс таасирин тийгизип жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент мамлекеттик  тилди өнүктүрүү тууралуу кеп кылып, кыргыз тилин окутуп-үйрөтүү үчүн 1-класстан тартып жакшы шарттарды түзүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошону менен катар коомдогу улутчулдуктун көрүнүштөрүнө токтолуп,айрым күчтөр элибизди улутуна, регионуна  карата бөлүп-жарууга умтулуп жаткандыгын эскертти. “Учурда айрым күчтөр этностор ортосундагы мамиле сыяктуу абдан аяр маселени өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет жасап жатышат.Өлкөбүздө жашагандардын баары, улутуна карабастан, өздөрүн бирдиктүү Кыргызстандын жараны катары сезүүгө тийиш”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстанда жашаган элдердин тарыхий жана маданий мурасын окуп-үйрөнүү маселесин козгоп келип, Президент азыркы жаштар элдин тарыхын унутуп бара жаткандыгын белгиледи. Ошондуктан “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коомдун Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурасын терендетип окуп-үйрөнүү боюнча иштерин иретке келтирип, системалаштырууга багытталган.

Жолугушуунун соңунда Президент катышып олтурган ар бир студент өз өлкөсү менен сыймыктаарына, аны келечекте гүлдөтүп өнүктүрүүгө бардык билимин жумшаарына ишенимин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев  жумушчу сапарынын алкагында бүгүн Ош гуманитардык педагогикалык институтунун жана Ош мамлекеттик юридикалык институтунун студенттери жана окутуучулары менен жолугушуу өткөрмөкчү.

Кыргыз Рсепубликасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 17-февраль