Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту

2012-жылдын 17-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти  Алмазбек Атамбаев Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2010-жылдын июнь окуяларында жапа чеккен ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн перспективаларын талкуулады жана ишкерлердин суроолоруна жооп берди.

Президент көйгөлүү маселелердин баарын чечүү керектигине токтолуп, ошол эле учурда коррупцияга жол бербөө максатында жардам сурап кайрылгандардын тизмесин дыкаттык менен текшерүү зарылчылыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы учурда өлкөбүздө экономикалык долбоорлорду каржылоо максатында Өнүктүрүү банкын түзүү пландаштырылып жаткандагын белгиледи. Банк ишкерлерге өз бизнесин өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаган пайызы төмөн жеткиликтүү кредит бермекчи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 18-февраль