Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары Сьюзен Эллиот жетектеген АКШнын делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча орун басары Сьюзэн Эллиот жетектеген АКШнын делегациясын  кабыл алды.

Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Памела Спратлен, АКШнын коргоо министринин  жардамчысынын Афганистан, Пакистан жана Борбордук Азия боюнча орун басары Дэвид Сэдни, АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешиндеги Борбордук Азия боюнча Бюросунун директору Линн Трейси, генерал-майор Джон Николсон, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев,коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, УКМК төрагасы Шамил Атаханов жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекетик кызматтын төрагасы Виталий Орозалиев катышышты.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Сьюзэн Эллиот Кыргызстандын жетекчилигине Афганистанда жана жалпы эле региондо коопсуздукту камсыз кылууга “Манас” транзиттик ташуу борборунун кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешиндеги  Борбордук Азия боюнча Бюросунун директору Линн Трейси Президент Алмазбек Атамбаевге АКШнын Президенти Барак Обаманын  Кыргызстанда бийликти тынч өткөрүп берүү көптөгөн мамлекеттерге жакшы үлгү боло алаары белгиленген куттуктоо катын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Афганистанда  коопсуздукту чыңдоонун мааниси баса белгиленди. Андан тышкары, тараптар болочокто Афганистан террорчулар баш паанек кылган жайга жана баңгитрафиктин уюгуна айланып калбасы үчүн саясий чечим табуу зарыл экендигин белгилешти.

Республикабызда АКШнын аскерлеринин жайгашышы тууралуу теманы козгоп келип, мамлекет башчысы “Манас” жарандык аэропортунда  2014-жылдын жай айларынан кийин чет элдик аскердик контингент болбош керектигин ачыктады.

Президент мындан ары АКШ менен кызматташуу Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына негизденип ишке ашырылаарын, ал эми демократиялык өнүгүү эки өлкөнүн эки тараптуу мамилелерин чыңдоонун факторлорунун бири катары кызмат кылаарын белгиледи.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 20-февраль