Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев бильярд боюнча Эл аралык комитеттин башкы директору Александр Никифоровду кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 20-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бильярд боюнча Эл аралык комитеттин башкы директору Александр Никифоровду кабыл алды.

Жолугушууга Кыргызстандын бильярд спорт федерациясынын Президентинин милдетин аткаруучу, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев менен Казакстандын бильярд спорт федерациясынын Президенти Ансар Каранеев катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанда орус бильярды боюнча дүйнөнүн биринчилигин өткөрүү демилгеси талкууланды. Мамлекет башчысы демилгени колдоо менен, өлкөбүздө дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө үйрөнүү зарылдыгын белгиледи.

Александр Никифоров мамлекет башчысына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраачылыгын айтып, мындай жогорку деңгээлдеги мелдешти ийгиликтүү өткөрүү үчүн Президенттин колдоосу абдан маанилүү экендигин белгиледи.

Өлкөбүздө бильярд спортун өнүктүрүү тууралуу кеп козгоп келип, Каныбек Сагынбаев спорттун бул түрү боюнча жакшы жыйынтыктар бар экендигин, өсүп чыккан жөндөмдүү жаштар мына ушул жакшы жетишкендиктерди татыктуу коргой алат деп ынандырды. Ал эми өлкөбүздө дүйнө чемпионатын өткөрүү Кыргызстанда бильярд спортун мында ары өнүктүрүүгө кошумча түрткү бермекчи.

Кыргыз Республикасынын Президентиннин басма сөз кызматы

2012-жыл 20-февраль