Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европарламенттин делегациясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 22-февралында КыргызРеспубликасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Европарламентке Италиядан депутат болуп шайланган, “Европа Союзу – Кыргызстан” парламенттик кызматташуу боюнча комитеттин тең төрагасы Паоло Бартолоцци жетектеген Европарламенттин делегациясын кабыл алды.

Мамлекет башчысы Европарламенттин делегациясын жылуу кабыл алып, Европа  союзунун өлкөлөрү менен мамилелерди жандандырууга кызыктарлыгын билдирип, кызматташууну жаңы деңгээлге алып чыгып, сөздөн  конкреттүү иштерге өтүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Президент өлкөдө демократияны өнүктүрүү тууралуу кеп козгоп келип, бул ата-бабалардын салттарын улантуу экендигин, мыйзамдуулукту жана адам укугун сактоонун европалык принциптери Кыргызстан үчүн жакындыгын айтып өттү. “Мен иштеген жылдардын аралыгында өлкөбүздө парламенттик башкаруу орнотулушу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Тарых тастыктагандай, өлкөнү башкарууну жана чечим кабыл алууну бир адамга ишенип берүүгө болбойт экен”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Президент ошону менен катар Кыргызстан диктатурадан жана радикалдуу экстремизм көрүнүшүнөн айырмалуу болгон өнүгүү жолун көрсөтүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Европарламенттин депутаты Паоло Бартолоцци Кыргызстан бүгүнкү күндө  Борбордук Азиядагы жападан жалгыз  парламенттик өлкө экендигин  белгиледи. “Кыргызстан демократиялык принциптерди бекем тутууга жөндөмдүүлүгү менен эл аралык коомчулукка жакшы пикир жаратты. Силердин өлкө соңку тарыхта маанилүү этапты баштан кечирүүдө, ошондуктан Европа союзу ушул жагдайдын маанисин терең түшүнүп, республиканын мындан ары өнүгүүсүнө  колдоо көрсөтмөкчү”,-деди Паоло Бартолоцци.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 22-февраль