Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады.

Президент-Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн  Башкы колбашчысы Алмазбек Атамбаев  кыргызстандыктарды  Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктады.

Төмөндө куттуктоонун тексти  толугу менен келтирилет.

“Урматтуу мекендештер!

Сиздерди эл абдан сүйүп жана урматтаган майрам – Ата Мекенди коргоочунун күнү менен куттуктайм! Бул майрам Кыргызстандыктардын көптөгөн муундарынын турмушуна каармандыктын, мекенчилдиктин, айкөлдүктүн жана эркиндиктин символу катары кирип калды. Бул күн аскерлердин бардык муундары ажырагыс байланышта жана алардын каармандык салттары уламалуу экендигин далилдеп турат.
Бул күнү биз бардык эр-азаматтарды куттуктайбыз. Өзгөчө куттуктоолор жоокерлердин, сержанттардын, прапорщиктердин, офицерлердин, генералдардын, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин жана болочок аскерлердин, Мекенди коргоого, анын коргоо жөндөмдүүлүгүн чыңдоого кызмат кылгандардын жана азыр кызмат өтөп жаткандардын бардыгынын даректерине айтылат. 
 “Эр жигит – эл четинде, жоо бетинде” дегендей, Мекенге кызмат кылуу байыртан эле баркталып, бааланып келген. Аскердик адистиктин негизги мааниси – бул Ата Мекенибизди сүйүү. Андыктан Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөө – бул чоң сыймык. Мекенди коргоого кызмат өтөө ар качан өзүн чыныгы атуулмун деп эсептеген ар бир жарандын ыйык парзы болуп келген жана мындан ары дагы боло бермекчи.
Кыргызстан Куралдуу Күчтөрүнүн жоокерлери Мекенди коргоочулардын каармандык салттарын татыктуу улантып келе жатышат. Алар өз милдетин абийирдүүлүк менен өтөп, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын үлгүсү боло алышат. Жоокерлерибизге эң чоң жоопкерчилик жүктөлгөн – ал Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоо жана анын аскердик коопсуздугун камсыздоо. Бул ыйык кызматты Кыргызстан Куралдуу Күчтөрү ар-намыстуулук менен аткарып келет.
Коом алдыбызга  улам жаңы талаптарды коюуда. Андыктан биз армияга да көз караштарды өзгөртүп, иш тутумун кайра карап чыгуубуз керек. Бүгүнкү милдет – мезгилдин талабына жооп берген армияны түзүү. Күчтүү армия – бул эгемен мамлекетти куруунун бекем пайдубалы. Өлкөдөгү коопсуздук, тынчтык жана стабилдүүлүк – Мекенибиздин өнүгүүсүнүн негизи. Ошондуктан Мекенди коргоодо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринин милдети опол тоодой.
Аскер кызматы жаш адамдын кулк-мүнөзүн калптандырат, бирок бул жерде “дедовщинага” эч качан жол берилбеши керек. Аскер кызматкерлеринин ортосундагы өкүм-зордук мамилелер армиянын ички тартибине терс таасирин тийгизет, жалпы коомчулуктун көз алдында анын беделин түшүрөт. Армия чыныгы эрктин күчүн, каармандыкты жана эрдикти туюндуруп турууга тийиш. Аскердик кызматтын беделин кайра көтөрүү куру сөзгө айланбастан, реалдуу ишке ашырылышы зарыл.
Куралдуу Күчтөрдүн катарында кызмат өтөп, Ата Мекенди коргоп жүргөн аялзатынын өкүлдөрүн дагы майрамы менен  куттуктайм. Алар эр-азаматтар менен тең катар жарандарыбыздын тынчтыгы менен бейпилдигин камсыз кылып жатышат.
Ата Мекенибиздин бардык коргоочуларына адамдык зор бакытты, чың ден соолук, аскердик жана жарандык эмгектеги ийгиликтерди,  бакубаттыкты жана кубанычтарды каалайм!”

Кыргыз Республикасынын
Президенти                            А. Атамбаев

2012-жыл 22-февраль