Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ конгрессмендерин кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Республикачылар партиясы, Калифорния, Дэвид Драйер жетектеген АКШ конгрессмендеринин делегациясын кабыл алды.

Делегациянын курамында - АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Демократтар партиясы, Вирджини, Джеймс Моран, АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Республикачылар партиясы,Түштүк Каролина, Джо Уилсон, АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Республикачылар партиясы, Небраска, Адриан Смит, АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Республикачылар партиясы, Техас, Кэнни Мерчант, АКШнын Кыргызстандагы Элчиси Памела Л.Спратлен, АКШ Конгрессинин эл аралык иштер боюнча комитетинин өкүлү Роберт Лоуренс

АКШ конгрессмендеринин делегациясы Кыргызстанга АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын  “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссиясынын  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин кызматташууга чакыруусун тапшыруу максатында келген.

Жолугушуунун жүрүшундө  Кыргызстан менен АКШ парламентарийлеринин кызматташуусунун перспективалары талкууланды. Кыргызстан менен АКШнын ортосунда диалогду мындан ары кеңейтүүнүн мааниси баса белгиленди.

Тараптар Афганистандагы жана Борбордук Азиядагы жагдай боюнча пикир алмашышты. Конгрессмендер терроризмге каршы күрөшкө кошкон салымы жана Афганистандагы коалициялык күчтөрдү колдоого алгандыгы үчүн өлкөнүн жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 22-февраль