Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына жумушчу сапары башталды

Бүгүн, 2012-жылдын 23-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Россия Федерациясына жумушчу сапары башталды.

Эки күндүк жумушчу сапардын жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын Президенти   Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Владимир Путин менен жолугушат.

Мамлекет башчысы Москванын жана Бүткүл Русьтун Патриархы Кирилл, Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдинов менен дагы жолугушмакчы.

Мындан тышкары Росииядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу жана Мамлекеттик Башкаруу университетине баруу пландаштырылууда.

Президент Москва шаарында Манастын эстелигин ачууга арналган салтанаттуу жыйынга  дагы катышмакчы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 23-февраль