Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев:Манастын эстелиги – Кыргызстан менен Россия элдеринин биримдигинин символу

Бүгүн, 2012-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында  Москва шаарындагы Дружба сейил багында Манастын эстелигинин салтанаттуу ачылышына катышты.

Манастын эстелиги алгачкы ирет Кыргызстандын чегинен тышкары жерде ачылып олтурат. Эстелик монументин архитекторлор менен скульпторлордун тобу - Ж.Кадыралиев, Б.Садыков, Т.Медеров, Д.Жолчуев, Д.Ырыскулов, А.Насиридинова, М.Склярова иштеп чыккан.

Ачылыш салтанатында мамлекет башчысы Россия Федерациясынын  Президенти Дмитрий Медведевге, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Владимир Путинге, Москванын Өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди.

Президент ар бир элде кылымдар бою муундан муунга өтүп келе жаткан, ал элдин руханий жашоосунун маңызын түзгөн дөөлөттөр бар экендигин белгиледи. “Биздин элибиз үчүн ушундай дөөлөттөрдүн бири – “Манас” эпосу болуп эсептелет. Манас кыргызстандыктар үчүн – эпос дагы, философия дагы, поэзия дагы, тарых дагы, ошондой эле эл турмушунун жана акыл-оюнун энциклопедиясы дагы. Манас улуттук дөөлөттөн жогору туруп, жалпы адамзаттык мааниге ээ болгон жана дүйнөлүк цивилизациянын кенчин түзө турган шедеврлердин катарына кирет. Тегин жеринен “Манас” ЮНЕСКО тарабынан дүйнөлүк адабияттын эстеликтеринин тизмесине киргизилген эмес”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бүгүнкү окуя Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий байланыштардын тарыхында жаңы баракты ачып жаткандыгын белгиледи. “Биз Айкөл Манастын айкелин Россиянын борборунда кокусунан ачып жаткан жокпуз. Россия, Алтай – бул Манастын кичи мекени, улуу Манас ошол жерде төрөлүп, ошол жерде анын балалыгы өткөн. Тува республикасынын аймагында, Хакасия республикасынын талааларында табылган Енисейдин көп сандаган тарыхый эстеликтери биздин байыркы бабаларыбыз Батыш Сибирдин кеңири аймагында узак убактар бою жашап келишкендигин тастыктап турат. Кыргызстандын жана Россиянын элдерин жалпы тарых бириктирип турат. Азыркы терминология менен айтканда Манас – этникалык россиялык!”-деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Президент  Айкөл Манас эч качан элди улутуна карата бөлгөн эмес, анын айкөлдүгү,күчү мына ушунда экендигин баса белгиледи. “Манастын эстелиги –элдерибиздин биримдигинин символу, биз саясатчы сөрөйлөргө ынтымагыбызды ыдыратууга жол бербейбиз. Биздин тарыхыбыз бир, келечегибиз дагы бир болоору шексиз”,- деп билдирди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 24-февраль