Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Президенти Дмитрий Медведев менен жолугушту

2012-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жумушчу сапарынын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

“Россияга Борбордук Азияда туруктуу жагдайды сактоо үчүн жакын өнөктөрү жана союздаштары, анын ичинде Кыргызстан менен аракеттерди координациялоо маанилүү”,-деп билдирди Россиянын Президенти Дмитрий Медведев.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Россиянын тарыхый басып өткөн жолу жана келечеги бир экендигин белгиледи. “Бүгүн биз Москвада  Манастын эстелигин ачтык. Биз Манас Алтайдан экендигин эч качан эстен чыгарбайбыз. Бүгүнкү окуя элдерибиздин ортосунда достукту мындан ары дагы чыңдамакчы”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Жолугушуунун журүшүндө жакынкы аралыкта буга чейин  экономикалык жана аскердик-техникалык тармактарда жетишилген келишимдерди  ишке ашыруу боюнча реалдуу кадамдарды жасоо боюнча макулдашууга жетишишти.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын Бирдиктүү Экономикалык  Мейкиндикке кирүү перспективаларын дагы талкууга алышты. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 24-февраль