Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Владимир Путин менен жолугушту

2012-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Владимир Путин менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө  экономиканын артыкчылыктуу тармактарында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды 

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк эки тараптын кызыкчылыктарында өнүгүүгө тийиш  экендиги белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 24-февраль