Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москванын жана Бүткүл Русьтун Патриархы Кирилл менен жолугушту

2012-жылдын 24-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын алкагында Москванын жана Бүткүл Русьтун Патриархы Кирилл менен жолугушту. 

Президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алып жатып Патриарх Кирилл өлкөлөрүбүздүн элдерин көп жылдар бою бир мамлекетте жашагандыгы  байланыштырып тураарын белгиледи. 

Кыргызстанда тынчтыкты жана ынтымакташтыкты чыңдоо маселесин  козгоп келип, Патриарх Кирилл өлкө өнүгүү тарыхында татаал жолду басып өткөндүгүн белгиледи. “Сиз Президент болуп шайланышыңыз менен өлкөдөгү абал стабилдештирилип, улуттар аралык мамилелер чыңдалат деген үмүттөбүз”,- деп Патриарх Кирилл Президент Алмазбек Атамбаевге кайрылды.

Москванын жана Бүткүл Русьтун Патриархы өлкөдө бейпилдик орноп, аны менен кошо экономикалык жана руханий гүлдөп өнүгүү үчүн диндер аралык диалогду жана кызматташууну өнүктүрүү, элдердин биримдигин чыңдоо Кыргызстандын территориясында жаңыдан түзүлгөн Епархиянын милдеттеринин бири болоорун кошумчалады.

Мамлекет башчысы өз кезегинде салттуу диндердин өкүлдөрүнүн ортосундагы кызматташууну жаңы денгээлге алып чыгууга даярдыгын билдирди. “Православие салттуу диндердин бири. Кыргызстандын эли салттуу диндердин өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштар мындан дагы чыңдалышын колдойт. Биздин тарыхый тамырыбыз бир, албетте, келечегибиз дагы бир болот”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 24-февраль