Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушту

2012-жылдын 24-февралында, Москва шаарында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушту.

Равиль Гайнутдин Россиянын муфтийлер кеңеши менен Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын ортосундагы кызматташууга жогору баа берди. “Биз ортобуздагы жылуу мамилени жогору баалайбыз. Биз чогуу-чаран өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бир  туугандык мамилени өнүктүрүүгө мындан ары дагы салым кошо бермекчибиз”,- деди Россиянын муфтийлер Кеңешинин төрагасы.

Президент Алмазбек Атамбаев  салттуу диндерди өнүктүрүү коомдо адеп-ахлакты жана руханий тазалыкты чыңдоого көмөктөшөөрүн белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 25-февраль