Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаевге Москвадагы Мамлекеттик башкаруу университетинин “Ардактуу доктору” наамы ыйгарылды

2012-жылдын 25-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Росссия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында 1980-жылы өзү окуп бүтүргөн Москвадагы мамлекеттик башкаруу университетинде болду.

Студенттер жана профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуу  Университеттин музейинин экспозициясы менен таанышуудан башталды. Көргөзмөгө студент Алмазбек Атамбаевдин жеке делосу менен зачеттук китепчеси дагы коюлган.

Салтанаттуу иш-чараны ачып жатып Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору Виктор Козбаненко окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүнүн ийгиликтери Университет туура жолдо экендигинин, жогорку деңгээлдеги башкаруучуларды даярдап жаткандыгынын ачык-айкын мисалы деп белгиледи.

Андан соң ректор атактуу бүтүрүүчүсү Алмазбек Атамбаевге Мамлекеттик башкаруу университетинин “Ардактуу доктору” наамын ыйгаруу тууралуу окумуштуулар кеңешинин чечимин окуп берди.
Президент Алмазбек Атамбаев студенттик мезгилин жылуу сезим менен эскерип, жаштыгынын эң сонун жылдарынын бир үзүмүн институтта өткөргөндүгүн белгиледи. “Бул мен үчүн абдан толкундатуучу учур. Мен жаштыгымдын мүмкүн эң сонун жылдарын өткөргөн өз институтума, алтын уяма кайтып келдим. Мында Кыргызстандын Президенти катары кайтып келүү – бул өзгөчө сыймык. Менин студенттик жылдарым саясатчы катары, анан азыр Кыргызстандын Президенти катары Россия – бул биз тарыхыбыз, азыркы динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташтыгыбыз жана келечегибиз менен чырмалышкан биздин стратегиялык өнөктөш экендигине менин бекем ишенимдериме негиз катары кызмат кылды”,- деди Алмазбек Атамбаев. 
Мамлекет башчысы алдыңкы жогорку окуу жайында бүгүнкү күндө кыргызстандыктар башкаруу тармагында билим алып жаткандыгын белгилеп өттү. “Менин университетимде мекендештерим, кыргызстандыктар окуусун улантып жаткандыгына мен кубанычтамын. Жалпысынан Россиянын ЖОЖдорунда жүздөгөн кыргызстандыктар билим алууда жана бул биздин өлкөлөрүбүздү бөлүп турган чек араларга карабастан, биз дагы деле бирдиктүү билим берүү мейкиндигинде жашап жаткандыгыбыздын далили. Биздин жалпы күчүбүз жана мен ишенем, биздин келечегибиз да мына ушунда”.- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы студенттерге жана окутуучуларга ак жол, жаңы ачылыштарды жана чыгармачылык  ийгиликтерди каалады.
Президент Алмазбек Атамбаев менен Мамлекеттик башкаруу университетинин ректору Виктор Кобзаненконун сүйлөшүүлөрүнүн  жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы менен Москвадагы Мамлекеттик башкаруу университетинин ортосунда билим берүү, илим жана бизнес тармагында кызматташуу тууралуу Макулдашууга кол коюлду.

Россия Федерациясына жасаган жумушчу сапарынын  соңку күнү Президент Алмазбек Атамбаев  “Эхо Москвы” радиоугармандарынын суроолоруна түз эфирде жооп берип, иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу айтып берди жана кыргыз-россия кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 27-февраль