Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Нобель сыйлыгынын ээси Джеймс Миррлисти кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 27 -февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Нобель сыйлыгынын ээси Джеймса Миррлисти кабыл алды.

1996-жылы “Информациялык ассиметрия тармагындагы  изилдөөлөрү үчүн” Нобель сыйлыгына татыган шотландиялык экономист Джеймс Миррлис Кыргызстанга Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун чакыруусу менен өлкөбүздүн илимий чөйрөсү менен кызматташуу боюнча байланыш түзүү максатында келген. Экономисттин Кыргызстандын илимий коомчулугунун жана бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү үчүн эки лекциясы пландаштырылган.

Мамлекет башчысы менен жолугушуунун жүрүшүндө окумуштуу Джеймс Миррлис республиканын экономикасынын өнүгүшүнүн перспективалуу багыттары боюнча пикир алышып, Кыргызстанга келгендеги таасирлери менен бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 27-февраль