Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын миссиясын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын  28-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Түркия, Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча ЕБРРдин башкаруучу директору Оливье Декамп баш болгон Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) миссиясын кабыл алды.

Оливье Декамп мамлекет башчысына Кыргыз Республикасы үчүн стратегия ЕБРР Директорлор кенеши тарабынан жактырылгандыгы тууралуу маалымдады. Мындайча айтканда, жакынкы үч жылдын аралыгында республикада ЕБРРдин ишмердиги финансылык секторду стабилдештирүү жана өнүктүрүү, жеке ишканаларды өнүктүрүү, инфраструктуранын эң маанилүү объектилерин чыңдоо, мамлекеттик органдар менен диалог жүргүзүү багыттарына топтоштурулмакчы.

Президент Алмазбек Атамбаев экономикалык өнүгүү тууралуу кеп кылып келип, чет элдик инвесторлорго ыңгайлуу шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы өлкөдө  коррупцияга каршы жарыяланган масштабдуу күрөш жакшы жыйынтыктарды бере баштагандыгын баса белгиледи.

Тараптар  өнөктөштүк  мамилелерин ырастап, мындан ары дагы үзүрлүү кызматташууга  ишенимин билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 28-февраль