Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Сергей Волков менен Владимир Железновду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “С.В. Волковду, В.А. Железновду Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достукту бекемдөөгө жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Москва шаарындагы “РА Дизайн Студия” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Сергей Волков менен “АРТ СТП” жабык акционердик коомунун башкы директору Владимир Железнов Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 28-февраль