Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин вице-президенти Киёши Кодераны кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын  29-февралында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Япониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Киёши Кодераны кабыл алды

Жолугушууга JICA Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү бөлүмүнүн директору Тецуя Ямада, Кыргызстандагы Япониянын Элчиси Син Маруо, Кыргызстандагы JICA башкы өкүлү Такаюки Ояма, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Айтмурзаев катышышты.

Президент Алмазбек Атамбаев Вице-президентти кабыл алып жатып, кыйын учурларда Япония тарыхынын, маданиятынын жана адабиятынын мисалдары дем берип, колдогондугун, ал эми япондуктардын духу ар качан үлгү катары кызмат өтөп келгендигин белгиледи. “Сиздердин  майтарылбас эркиңер, самурайлардын духу урматтоого татыктуу. Ал тургай өлкөңөрдөгү кайгылуу трагедиядан кийин дагы силер башка мамлекеттерге жардамыңарды үзбөй келе жатасыңар”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ошону менен бирге Кыргызстандын эң алыскы аймактарында иштеп жаткан япониялык волонтерлорго ыраазычылыгын жолдоду.

Жолугушуунун жүрушүндө Япониядан инвесторлорду тартуу маселеси талкууланды. Президент япониялык бизнес үчүн ГЭС курулушу, экологиялык жактан коопсуз энергия катары энергиянын альтернативалуу булактары үчүн поликремнийди өндүрүү келечектүү багыттардан болушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн Япония Өкмөтүнө ыраазычылык айтып, Кыргызстан менен Япониянын ортосунда мамилелер мындан ары дагы чыңдала берээрине ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Вице-президент Киёши Кодера акыркы үч жылдын аралыгында JICA Кыргызстандагы ишмердиги айыл чарбасын жана айыл чарбалуу аймактарды өнүктүрүү, жолдорду реабилитациялоо, адам ресурсун өнүктүрүү сыяктуу бир катар багыттарга багытталгандыгы тууралуу маалымдады. Үстүбүздөгү жылы өлкөдөгү азыркы коомдук-саясый жагдайды эске алып, Кыргызстан менен техникалык жактан кызматташуунун жаңы Стратегиясын иштеп чыгуу пландаштырылып жатат. Мына ошого байланыштуу Киёши Кодера гранттык долбоорлордун суммасы көбөйө бермекчи деп ынандырып кетти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 29-февраль