Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев: “Кыргызстанда жасалган” деген белги продукциянын сапатын туюндурат

Бүгүн, 2012-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Мода индустриясы: 2012-жылдын буюмдары жана жабдуулары” Эл аралык VI көргөзмө-ярмарканын ачылыш салтанатына катышты. 

Президент Алмазбек Атамбаев көргөзмөнү ачып жатып, кийим тигүү өндүрүшүнүн өнүгүшүнүн жакшы динамикасы тууралуу белгилеп өттү. ”Акыркы жылдардын аралыгында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 5 эседен ашуун өстү. 2011-жылы текстиль жана кийим тигүү продукциясынын өндүрүшүнүн көлөмү 7млрд.сомду түздү. Албетте, жыйынтыктар абдан жакшы. Мунун өзү өнөр жайынын кайсы гана тармагы болбосун колдоого муктаж экендигин дагы бир ирет ырастап турат. 2005-2006-жылдары Өнөр жай, соода жана туризм министри болуп турганда “Легпром” ассоциациясынын адистери менен бирдикте бир катар укук-ченемдик актыларды демилгелеп, Өкмөт тарабынан кабыл алынган эле. Мына ошол аракеттер кийим тигүү индустриясынын ыкчам өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түздү. Мен учурунда мына ушул жыйынтыктарга жетишүүгө салым кошкондугума сыймыктанам”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы кийим тигүү өндүрүшү мындан ары дагы колдоого алынаарын баса белгиледи. Маселен, продукциянын өздүк наркы өсүп кетпеси үчүн Бажы бирлигине, Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүдө кездеме, фурнитура ташып кирүүгө жеңилдиктер алдын ала сүйлөшүлмөкчү.

Президент бүгүнкү күндө Кыргызстанда кийим тигүү өндүрүшүндө  миндеген адамдар иштеп жаткандыгын, он миңдеген адамдар Россияда, Казакстанда жана башка жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде  ошол кийимдерди сатуу менен алектенишээрин айтып өттү. “Кыргызстанда жеңил өнөр жайы өнүгүү жагынан жакшы үлгү көрсөтүүдө. Жеңил өнөр жайынын мисалында башка тармактар дагы өндүрүш көлөмүн эселеп өстүрөт деп ишенем”,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Андан соң мамлекет башчысы көргөзмөнү кыдырып чыгып, өндүрүш ээлери менен пикир алышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 2-март