Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев борбор калаанын “Ала-Тоо” аянтында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышып, сөз сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү толугу менен келтирилет:

Бүгүн, 2012-жылдын 3-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйынга катышып, сөз сүйлөдү.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү толугу менен келтирилет:

“Урматтуу мекендештер !

Мындан 20 жыл илгери, 1992-жылдын 3-мартында биздин Мекенибиздин мамлекеттик желеги биринчи жолу көтөрүлгөн. 20 жыл мурда өлкөбүз Эгемендүүлүккө карай алгачкы кадамдарды таштаган.
Ушул туунун астында элибиз баардык кыйынчылыктарды татыктуу жеңип, татаал жолду басып өттү.
Кудайдын буйругу менен элибиз кыйынчылыктарга туруштук берип өлкөбүздү, эгемендүү Кыргызстанды сактап калдык.
Жүздөгөн жылдар мурун ата-бабаларыбыз Улуу кыргыз Каганатын түптөгөндөй эле, бүгүн тарых бизге эгемендүү, күчтүү мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк берди. Биз бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберүүгө акыбыз жок. Болгон оюбуз, күч-аракетибиз ушул улуу максатка багытталышы керек.
Күчтүү жана бай өлкө болуу үчүн бизде бардыгы бар. Кең байлыктар, суу, күжүрмөн элибиз бар.
Бирок, бир топ оор сыноолор дагы деле алдыда. Элибиздин бутун кишендеп, жолун торогон коррупция, улутчулдук менен регионализм, манкуртчулукту жеңишибиз керек!
Бирок, кандай гана тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болбосун, биз бул улуу жолдон тайбайбыз.
Жүздөгөн жылдардан кийин да биздин урпактарыбыз дал ушул Ала-Тоо аянтына жаздын ушундай күнүндө чогулуп, кыргыздын алтын түндүктүү туусунун алдында, Улуу Манас атанын жолун жолдоп, Мекенин көздүн карегиндей сактаарына ишенем. Биз эч качан, эч кимге кул болбойбуз!

Урматтуу мекендештерим!
Туу – эгемендүүлүктүн,  биримдиктин, мамлекеттүүлүктүн символу. Элдин – эл, журттун – журт экендигинин ыйык белгиси, азаттыктын  эн тамгасы.
   Кыргыз элинин сыймыгы болгон алтын түндүктүү туубуз дайыма көк асманда желбиресин!
Жашасын эгемендүү Кыргызстан! “

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 3-март