Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев судьяларды жана сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев судьяларды жана сот кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Куттуктоодо мындай деп айтылат:

Урматтуу судьялар жана сот кызматкерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын сот системасынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Быйыл биз сот системасын түп-тамырынан бери өзгөртүү жолуна түштүк. Ошол максатта Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссия түзүлдү. Жылдын акырына чейин биз сот системасында кардиналдуу реформаларды ишке ашырууга тийишпиз.
Буга чейинки тажрыйбаларды пайдаланып жана элге жүзүн бурган натыйжалуу сот системасын түзүү менен сот реформасын кайрадан жаңылоонун мезгили келип жетти. Мезгилге шайкеш, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жөндөмдүү, эң жогорку талаптарга жооп берген сот бийлигин түзүү сот реформасынын стратегиялык максаты болуп саналат.
Кыргызстанда сот бийлигинин кадыр-баркын чыңдоо жана көтөрүү көп жагынан анын ар бир өкүлү өздөрүнүн милдеттерин канчалык так жана ак ниеттик менен аткаргандыгына байланыштуу болот.
Соттордун социалдык максаты судьялар менен соттордун кызматкерлеринен өзгөчө адилеттүүлүктү, принциптүүлүктү, мыйзамды урматтоону, турмуштук жигердүү позицияны талап кылат. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр жана коом алдында жоопкерчиликти сезе билүүңүздөр ар дайым жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоону, демократиялуу укуктук мамлекетти  өнүктүрүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтөт.
Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, калыстык, адилеттүүлүк жана кесиптик барандуу жетишкендиктерди каалайм.

КыргызРеспубликасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 5-март