Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Россиянын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Россия Федерациясынын Президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Куттуктоодо мындай деп айтылат:


«Урматтуу Владимир Владимирович!

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана  жеке өзүмдүн атыман Сизди Россия Федерациясынын Президентин шайлоолордо ишенимдүү жеңишке жетишкениңиз менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Миңдеген кыргызстандыктар жүрөгүндө Сиздин ысымыңызды Россиянын жетишкен ийгиликтери жана жетишкендиктери - татыктуу турмуш, стабилдүүлүк жана бакубат турмуш менен байланыштырышат. Жаңы форматтагы мамлекетчил адам катары Сиз кылымдардын тогошуусунда өлкөдөгү олутуу кайра түзүүлөрдүн башатында тургансыз.
Мен бул туурасында өз сөздөрүмдө, анын ичинде россиялык ММК дагы бир нече ирет айткан элем, эми дагы бир ирет кайталап койгум келет, Сиз кыйын кезеңде Россияны сактап калдыңыз, Россиянын мамлекеттүүлүгүн сактап калдыңыз. Сиздин чымырканган эмгегиниздин аркасында россиялыктардын турмуш деңгээли  кыйла жогорулады. Көбүнесе мына ошондон улам акыркы кезде россиялык коомдо демократиялык кайра түзүүлөргө бурулуш башталды.
Кыргыз-россиялык стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого кыйла өбөлгө түзгөн ортобуздагы ачык-айрым жана ишенимчиликтүү мамилелерди жогору баалайм.
Мына ушундай маанилүү жана жооптуу учурда Сизге, урматтуу Владимир Владимирович, чың ден соолук, бакубатчылык, заманбап, күчтүү, көз карандысыз жана жаңы Улуу Россияны куруу ишинде ийгиликтерди каалайм!»

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 5-март