Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Владимир Путинди Россиянын Президенти болуп шайланышы менен телефон аркылуу куттуктады

Бүгүн, 2012-жылдын 5-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын шайланган Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчысы Владимир Путинди Президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин эки өлкөнүн жетишкендиктери үчүн Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

Владимир Путин куттуктоо үчүн ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө даяр экендигин ырастады.


Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 5-март