Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, сөз сүйлөдү.
Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүнүн тезистери берилет.


“Урматтуу мекендештер!

Урматтуу айымдар: апалар, эжелер, карындаштар!
    Сиздерди 8-март майрамыңыздар менен куттуктайм! Жергебизге жаздын келиши Сиздердин майрам менен башталат. Биз бала кезден Жаз айынын башында Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктап көнүп калганбыз. Жаз мезгили да Аялзатынын өзүнө окшош. Анын мээрими менен жер энебиз жибип, жаратылышка жан кирет. 
2012-жылды биз “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк  Жылы” деп жарыяладык. Бардыгы үй-бүлөдөн башталат, анткени үй-бүлө – өзүнчө чакан бир мамлекет. Ал эми мамлекет – өзүнчө бир чоң үй-бүлө. Ар бир үйдө канча бала болсо, алардын ар биринин мүнөзү ар түрдүү болгондой эле мамлекетте да ар түркүн “балдар” – улуттар болот. Үй-бүлөдө тынчтык, бейпилдик, ынтымак болсо, мамлекетте да ынтымак болот. Ал эми ынтымак бар жерде – ырыс бар. Ынтымакта, биримдикте болсок, Кыргызстаныбыз гүлдөп-өсөт.
Ошол ар бир үйдө бейпилдикти камсыз кылып, ынтымакты сактагандар – бул биринчи ирет Энелер, аялдар, Аялзаты. Анткени “Аял – үйдүн куту” деп бекеринен айтылган эмес.
Дорогие наши женщины!

Поздравляю Вас с 8 марта! В начале весны мы с детства привыкли поздравлять Вас с этим замечательным праздником. Помню, в школе мы пели:
«Сегодня мамин праздник,
Сегодня женский день!
Я знаю, мама любит
Гвоздику и сирень!..»
Весна сама схожа с женщиной, ее теплотой. Мать-земля начинает оттаивать и вдыхает жизнь в природу.
2012 год мы объявили Годом семьи, мира, согласия и взаимного прощения. Все начинается с семьи, т.к. семья – это отдельное маленькое государство. В свою очередь, и государство - одна большая семья. Сколько бы не было в семье детей, у каждого из них свой характер. Также и в государстве есть разные «дети» - национальности. Если в семьях будет царить мир и покой, то и в стране будет спокойно. Где есть согласие и мир, там есть благополучие. Если будем жить в мире и единстве, то Кыргызстан будет процветать.
Обеспечение спокойствия в семье – в первую очередь на плечах матерей, женщин. Мы должны всегда поддерживать их усилия в укреплении семьи и развития общества. Для этого нужны эффективные меры защиты материнства и детства, поддержка инициатив женщин в экономической и политической сферах Кыргызстана.

 Урматтуу мекендештер!
Элибиздин турмушу оңой эмес. Өлкөбүздө бардык эле үй-бүлө өз балдарына жакшы билим берип, “уядан жакшы учурууга” мүмкүндүктөрү жок.
Изилдөөлөргө таянсак, сырткы эмгек мигранттарынын 50%ын аялдар түзөт да, эмгек мигранттарынын 20 миңге жакын баласы кароосуз калып жатат. Ошол эле учурда эрте никелердин жылдан жылга көбөйүп бара жаткандыгы тынчсыздандырбай койбойт. Бул көрүнүш кыздардын билим алуусуна жана керек болсо келечегине бөгөт коюуда. Азыр деле болуп жаткан “кыз ала-качуу” боюнча Кыргызстан көптөгөн изилдөөлөрдө баяндалып, терс жагынан өлкөбүздүн атагын чыгарды. Өлкөбүздө төрөлгөн бардык балдардын үчтөн бири расмий никеде турбаган энелерден төрөлүүдө. Ушул фактылардын бардыгы бүгүнкү Кыргызстанда үй-бүлөнүн абалы татаал экендигин жана көңүл бурууну талап кыларын айгинелейт.
Элеттик аялдардын абалы өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Быйыл 8-мартты майрамдоо дүнүйөдө дал элеттик аялдарга колдоо көрсөтүү ураанынын алдында өтүп жатат. Бардыгыбыз элетте чоңойгонбуз. Билебиз, айыл жеринде чоргоодон агып турган ысык суу жок. Даяр ысык суу тургай, таза суу көйгөйү азыр да көп айылдарда чечиле элек. Бирок, ошол таза суу жеткен жерлерде, айылдарда эмне үчүн үйлөрдүн ичине суу киргизип, “Аристондорду”, суу жылыткычтарды коюп койгонго болбосун? Элеттеги энелердин, эжелердин түйшүгүн ушинтип, аз да болсо жеңилдетип койсо болот го! Азыр ошол эле “Аристондун” баасы бир козунун баасынан ашпайт.
Аялзаты – үй-бүлөдө гана эмес, өлкөдө да тынчтыкты, стабилдүүлүктү, ынтымакты жана мамлекеттин гүлдөп-өсүүсүн камсыздай алган кубаттуу күч. Аялзаты коомдогу бардык күчтөрдү ынтымакка келтирип, келечек үчүн, өлкө үчүн бириктире алат. Муну тарыхта Каныкей Энебиз жана Курманжан Датка апабыз далилдеген.
Уважаемые участники собрания!
Дорогие мои!
Именно женщины не только в семье, но и в стране могут стать мощной силой, объединяющей всех, кто хочет мира, стабильности, согласия и процветания нашей стране. Женщины могут объединять в интересах страны и во имя прогресса. Это было доказано примерами из истории нашего народа, начиная от Каныкей-Эне до Курманжан Датки.
В нашей новейшей истории, когда страна проходила через нелегкие испытания, Роза Исаковна Отунбаева взвалила на себя непомерный груз ответственности Президента. Она, как глава государства, с честью выполнила свой долг перед Отечеством, ничем не хуже, а скорее лучше чем наши мужчины-руководители. Роза Исаковна вошла в историю независимого Кыргызстана первым Президентом, передавшим власть мирным путем. Первым Президентом, работавшим честно и добросовестно в интересах народа, а не своей семьи.
Женщина – это словно подснежник, пробивающийся сквозь снег к солнцу. Женщин можно сравнить с весенней зеленой травой, пробивающийся сквозь асфальт. Это и нежность, и сила одновременно!
Урматтуу мекендештер!
Аялзаты дегенде биз биринчи кезекте бизге өмүр тартуулап, бапестеп чоңойткон мээримдүү апаларыбызды эстейбиз.  Аял – бул баарыдан мурда Эне. Ал эми биз ар бирибиз өмүр бою Энелердин ыйык ак сүтүн актоого милдеттүүбүз. Эненин өзү тургай, баскан изи да ыйык, анткени Мухаммед пайгамбардын хадистеринде айтылгандай: “Бейиш – энелердин таманынын алдында”.
Бул салтанатка жакында “Баатыр Эне” ардак наамы ыйгарылган 4 655 Баатыр Эненин өкүлдөрү катары 18и катышып олтурат.
Менимче, биз энелер үчүн керек болсо дагы бир атайын күн белгилеп, ал күнү биз бардыгыбыз алтын апаларыбызды, күмүш саамай энелерибизди өзгөчө урмат-сыйга бөлөөбүз керек. Анткени бизди жарык дүйнөгө алып келип, алпештеп өстүргөн апаларыбызга белгилүү ырда ырдалгандай, асмандагы “алтын күндү алып келип берсек да” аздык кылат. Анын үстүнө андай майрам – “Энелер күнү” бир топ өлкөлөрдө көп жылдардан бери белгиленип жүрөт.
Аялзат болбогондо, энелер болбогондо бул дүйнө болбойт эле, биз да бул жерде турбайт элек. Эмесе дагы бир ирет майрамыңыздар менен урматтуу айымдар, апалар, эжелер-карындаштар!
Еще раз с праздником Вас, дорогие наши женщины!”

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы

2012-жыл 7-март