Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Алмазбек Атамбаев Эл аралык валюта фондунун миссиясы менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 12 мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев МВФ миссиясынын жетекчиси, Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү департаментинин бөлүм башчысынын орун басары Кристиан Беддис жана МВФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келишимдердин аткарылышынын жүрүшүн жана үстүбүздөгү жылы кызматташууну кеңейтүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Мамлекет башчысы МВФтин миссиясына көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Мен МВФ менен ишмердигибиздин бардык багыттары боюнча бири бирибизди толук  түшүнгөнүбүзгө абдан ыраазымын. Биз МВФ менен иштешүүгө өзгөчө маани беребиз, анткени кызматташуубуз ачык-айрым жана таза иштешүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде МВФтин миссия жетекчиси Кристиан Беддис Кыргызстан менен кызматташуунун деңгээлине канааттангандыгын билдирди. “Биздин кызматташуубуз белгиленген бардык багыттар боюнча абдан жемиштүү деп эсептейм”,- деп  баса белгиледи мейман.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 12-март