Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев тоо кен өнөр жай жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев төрага Орозбек Дүйшеев баш болгон тоо кен өнөр жай жана геологдор ассоциациясынын башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө республиканын тоо-кендерин иштетүүчү тармакты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жолугушуу учурунда Ассоциациянын өкүлдөрү Президент Алмазбек Атамбаевге республикабыздын тоо кендерин иштетүүчү өнөр жайын  2030-жылга чейин өнүктүрүү программасынын долбоорун сунушташты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 13-март