Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын, Вьетнам Республикасынын, Корея Республикасынын Элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды

Бүгүн, 2012-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев үч мамлекеттин: Улуу Британиянын Элчиси Джудит Маргарет Фарнворттон, Вьетнам Республикасынын Элчиси Ле Мань Луандан, Корея Республикасынын Элчиси Чанг Гю Кимден ишеним грамоталарын кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев элчилерди дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен конструктивдүү, ачык жана ырааттуу диалог жүргүзүүнү колдоорун белгиледи. “Башка элди, башка динди жана маданиятты урматтоо азыркы тапта мамлекеттер ортосундагы мамилелердин өзөгүн түзүшү керек. Территориясынын өлчөмүнө жана калкынын санына карабастан, бардык өлкөлөр бири бирине урматтоо менен мамиле жасоого тийиш”,-деди Алмазбек Атамбаев.

Президент Кыргызстандын Улуу Британия менен  мамилелери тууралуу айтып келип, Бишкекте Улуу Британиянын Элчилигинин ачылышы расмий жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жолу менен кызматташуунун практикалык жагына көңүл топтоштурууга мүмкүнчүлүк берээрине ишенимин билдирди.

“Вьетнамдын экономикасынын ырааттуу өнүгүшүн канааттануу менен белгилейм, өлкөлөрүбүз эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн толук ачып, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара мамилени чыңдоого жетишет деп ишенем”,-деди Алмазбек Атамбаев Вьетнамдын Элчисине кайрылып.

Президент ошону менен катар, Корея Республикасы менен өз ара мамиле узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн мүнөзүндө калыптанып, “Борбордук Азия жана Корея Республикасы” форумунун алкагында глобалдуу жана регионалдык саясаттын көп маселелери жаатында кызматташуу боюнча жакшы тажрыйба топтолгондугун белгиледи.

Мамлекет башчысы Улуу Британиянын, Вьетнам Республикасынын жана Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилерине Кыргызстанда жемиштүү жана натыйжалуу иштешин каалады.

“Кыргызстан менен достук мамилени өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Сиздер колдон келген бардык аракетти жасайсыздар деп ишенем”,- деди сөзүнүн соңунда Алмазбек Атамбаев.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 14-март