Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы студенттер жана окутуучулар менен өлкөнүн өнүгүү багыттары тууралуу маселелерди талкуулап, сунуштарын угуп, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Президент өз сөзүндө коррупцияга каршы күрөштө көрүлүп жаткан чараларга токтолду. “Өлкөнүн Президенти катары быйыл бийликти коррупциядан тазалоону максат кылып койдум. Анткени коррупция мамлекеттик органдардын бардыгына тамырын терең жайып алган. Биз криминал менен коррупцияга каршы аоесуз күрөш жарыяладык, буйруса бул ишти биз акырына чыгарабыз. Мына ушуга байланыштуу мен өлкөнүн антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын бекиттим”,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы стратегиялык мааниге ээ болгон “Кыргыз Республикасында коомдук коопсуздукту чыңдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө”, ”Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” жана “2012-жылды үй-бүлө, тынчтык, ынтымакташтык жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыктарга токтолуп өттү. Тактап айтканда, ”Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында жаңы окуу жылынан баштап республиканын мектептеринде жаңы –Манас таануу предметин киргизүү каралууда. Андан тышкары өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгиледи.

Президент жогорку окуу жайларында билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу керек экендигин, анткени билим күчтүү жана көз карандысыз мамлекет куруунун негизи болуп саналаарын белгиледи. “Биздин негизги максатыбыз – ар бир жаран өз өлкөсүнүн мекенчили болуп саналган гүлдөгөн Кыргызстан куруу. Мына ушул иште силерге, жаштарга өзгөчө роль таандык”,-деп Алмазбек Атамбаев студенттерге кайрылды.

Түштөн кийин Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы экономика жана ишкердик университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушуу өткөрмөкчү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 16-март