Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад шаарындагы экономика жана ишкердик университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту

Бүгүн, 2012-жылдын 16-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы экономика жана ишкердик университетинин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту.

Мамлекет башчысы  өз сөзүндө  алдыдагы ишмердиктин негизги багыттарына, анын ичинде  өлкөдөгү тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого, коррупцияга каршы күрөш  жүргүзүү маселелерине токтолду. Президент бул иште жаштардын ролу зор экендигин белгиледи. 

Жолугушуунун соңунда Президент университеттин студенттерине жана окутуучуларына  ишмердигинде жана окуудагы ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 17-март