Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын курмандыктарын эскерүү чараларына катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Аксы окуяларынын курмандыктарын эскерүү чараларына катышты. Туура 10 жыл мурда, 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунун Боспиек айылына жакын жерде андагы бийликтин күнөөсү менен Кыргызстандын 6 жаранынын   өмүрүн алып кеткен трагедия болуп өткөн.

Төмөндө мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тезистери келтирилет:
“Биз өткөн жылы өлкө эгемендигинин 20 жылдыгын белгиледик. Бул жылдар ичинде мамлекетибиздин башынан абдан оор сыноолор өттү. Бүгүн Аксы окуяларына 10 жыл толуп олтурат. Бирок, 10 жыл мурдагы Аксылыктардын эрдиги болбогондо азыр өлкөбүздүн тагдыры кандай болот эле, Кыргызстаныбыздын акыбалы кандай болот эле, айтыш кыйын болчу.
Бийликтин адилетсиздигине жана авторитаризмге, одоно мыйзам бузууларга каршы биринчи болуп көтөрүлүп чыккан аксылыктар болду. Өлкөнүн Конституциясына ылайык бийликтин жападан жалгыз булагы – эл! Муну аксылыктар так далилдеди. 2002-жылы алар бийликтин өзүм билемдигине каршы күрөшкө чыгышты. Бирок куралсыз демонстранттарга карата ок атуучу курал колдонулду. Кийинки күнү куралсыз адамдарды куугунтуктоо улантылган. Ошондогу бийликтин элге каршы аракеттеринин кесепетинен Аксы районунун алты тургуну жаракаттан курман болгон, ал эми көп күндүк саясый ачкачылык жарыялоодон Бишкекте бир адам каза тапкан.
Мен өз Жарлыгым менен 2012-жылдын 17-мартын “Аксы окуяларын эскерүү күнү” деп жарыяладым. Аксы окуялары Кыргызстандын өнүгүүсүндө чоң бурулуш жасаган. Бул трагедия жөнүндө эскерүү бизге элдин жана бийликтин биримдигинин, өлкөнүн бүтүндүгүнүн зарылдыгы, коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоо жөнүндө дайыма эскертип турат.
Жарлыкка ылайык, бардык жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бүт республика  боюнча Аксы окуяларын эскерүү  күнүн жана бул кайгылуу окуялардын 10 жылдыгына арналган башка иш-чараларды милдеттүү түрдө өткөрүп жатышат. 2012-жылдын 17-мартында, саат 12-00дө  Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында “аза күтүү мүнөтү” жарыяланды.
Эл өз баатырларын эч качан унутпайт! 2010-жылдын 7-апрелинде  Бишкекте, Ак үйдүн алдында элибиздин эркиндиги үчүн ондогон жигиттер өз өмүрлөрүн беришкени да элдин эсинде. Анда 86 киши шейит кеткен. Быйыл 7-апрель күнү ордо калаабыз Бишкекте, борбордук Ала-Тоо аянтында элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылы Апрель окуяларында  курман болгондордун жаркын элесине арнап, монумент ачып жатабыз. Биз ошондой эле баатырларыбызга ыр арнайлы дедик. Төрт сап ыр монументтин бетине чегилет. Болжолдуу бир варианты мындай:
Эркиндик деп, эл деп башын сайгандар,
Эч жалтанбай, ажалга түз баргандар.
Өлбөс кылды келечегин кыргыздын,
Өлкө үчүн өмүр берген, кайрандар!

Аксы окуяларында курман болгондордун жаркын элестери Кыргызстан элинин эсинен эч качан кетпейт!”

Ошондой эле бул күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айылында Аксы окуяларынын музейин ачууга катышты.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалымат саясаты бөлүмү

2012-жыл 17-март