Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Евразия экономикалык шериктеш мамлекеттер аралык Кеңештин отурумуна катышат

Бүгүн, 2012-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен мамлекет башчыларынын деңгээлинде Евразия экономикалык шериктеш мамлекеттер аралык кеңешинин-Евразия Жогорку экономикалык кеңештин отурумунунун ишине катышат.

Бул иш чараны өткөрүү тууралуу чечим мамлекет башчысы өткөн жылы Россия Федерациясына жасаган сапарынын алкагында катышкан ЕврАзЭС мамлекеттер аралык кеңештин декабрь айындагы отурумунда пландаштырылган.

ЕвраАзЭС мүчөлөрүнүн бардык мамлекет башчылары катышкан бул жолку отурумдун күн тартибинде ЕвраАзЭСти кайра түзүү маселелери талкууланмакчы. 

Президент Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жасаган бул жолку сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 19-март