Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Евразия экономикалык шериктеш мамлекеттер аралык Кеңештин отурумуна катышууда

Бүгүн, 2012-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Евразия экономикалык шериктеш мамлекеттер аралык кеңешинин отурумунун ишине катышып жатат.

ЕвразЭС мүчө-мамлекеттеринин лидерлери регионалдык интеграциялык процесстердин болочоктогу контурларын тактаган чечимдерди кабыл алышы күтүлүүдө.

Бүгүнкү жолугушуунун жүрүшүндө ЕвразЭС мүчө-мамлекет башчылары Евразия экономикалык шериктештикти жаңы интеграциялык бирикмеге кайра түзүүнү камтыган келишимдин долбоорунун негизги принциптери боюнча чечим кабыл алууга тийиш.

Отурумдун мына ушул негизги темасынан тышкары Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин башталышы тууралуу маселелер дагы каралмакчы.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 19-март