Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчыларынын деңгээлинде Евразия экономикалык шериктештиктин мамлекеттер аралык Кеңешинин отурумуна катышты

Бүгүн, 2012-жылдын 19-мартында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында мамлекет башчыларынын деңгээлинде  Евразия экономикалык шериктештиктин мамлекеттер аралык Кеңешинин чектелүү  курамдагы отурумуна катышты.

Отурумдун ишине  ЕврАзЭС мүчө-мамлекеттердин башчылары (Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы), ошондой эле шериктештиктин байкоочу-мамлекеттеринин лидерлери (Армения Республикасы, Молдова Республикасы жана Украина) катышты. 

Бул жолугушуу Евразия экономикалык интеграциянын мындан аркы жүрүшү үчүн зор мааниге ээ экендиги жана отурумдун чечимдери Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерге жаңы дем берээри белгиленди.

Ошондой эле, 2011-жылдын 19-декабрында Москвада өткөрүлгөн ЕврАзЭС Саммитинде макулдашылган  жаңы интеграциялык  бирикме түзүүнү караган кКелишимдин негизги маселелери талкууланды.

Андан соң Евразия экономикалык шериктештиктин мамлекеттер аралык Кеңешинин/ Евразия Жогорку  экономикалык кеңештин кеңейтилген курамдагы отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун жыйынтыгы менен Евразия экономикалык шериктештиктин мамлекеттер аралык Кеңешинин мамлекет башчылары  жаңы уюм түзүү боюнча негизги ыкмаларды иштеп чыгуу боюнча  эксперттик  консультацияларды өткөрүү тууралуу чечимге кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 19-март