Сайттан издөө
Сайттан издөө
Кыргыз Республикасынын Президенти

Россиянын Президенти Дмитрий Медведев Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнүн жыйырма жылдыгы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнүн жыйырма жылдыгы менен куттуктады. 

Куттуктоодо мындай деп белгиленет:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизди Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамиле түзүлгөндүгүнүн жыйырма жылдыгы менен куттуктайм. 

Ушул жылдары Россия  менен Кыргызстанды бекем достуктун саамалыктары, өз ара ишенүү жана сыйлоонун жакшы салттары  байланыштырып турат. Бүгүнкү күндө  саясий диалог активдүү өнүгүп, соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда кызматташуу чындалып, регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенишүү кеңейтилүүдө.

Жакында, февраль айында Москвада өткөн биздин жолугушуубуздун жүрүшүндө стратегиялык өнөктөштүктү чыдоого,мына ушул максатта эки тараптуу  бардык келишимдерди ишке ашырууга карата  өз ара умтулуубуз ырасталды.  Көп маселелер боюнча өз ара аракеттенишүүнү мындан ары чындоо Россия менен Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыктарына толугу менен жооп берет, Борбордук Азияда тынчтыкты жана стабилдүүлүктү чыңдоого кызмат кылаарына ишенем.

Ийгиликтерди каалап,

Россия Федерациясынын ПрезидентиД.Медведев”.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

2012-жыл 20-март